Мектепке бөлүнгөн миллиондорду өздөштүрүп алууга шектелгендерге кылмыш иши козголду
RU

Мектепке бөлүнгөн миллиондорду өздөштүрүп алууга шектелгендерге кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектептин курулушуна багытталган 3 миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүү фактысы боюнча аткаминерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чолпон айылына 225 орундуу У.Калиев атындагы орто мектептин курулушу үчүн 62 млн 296 миң 778 сомго "А. С." и "Т. К." менен келишим түзгөн. Мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Капиталдык курулуш башкармасынын кызмат адамдары подряддык уюмдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтерди, жалган маалыматтарды жасап, алардын баасын ашыра баалап, 3 млн 224 миң 493 сом өлчөмүндө акча каражатын өздөштүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Ишенип берилген мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5453