Равшан Жээнбеков Kaktus.media боюнча: Аларга тийбей эле койгон жакшы
RU

Равшан Жээнбеков Kaktus.media боюнча: Аларга тийбей эле койгон жакшы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Kaktus.media сайтынын кайра басып чыгаруу (перепечатка) фактысына козголгон кылмыш иши боюча комментарий берди.

Анын айтымында, 1970-жылдары америкалык бийликтер белгилүү Time журналына жана популярдуу New York Times гезитине Вьетнам боюнча Пентагондун жашыруун документтерин жарыялоого тыюу салган.

"Бирок кичинекей Washington Times гезитине тыюу салуу мүмкүн болгон эмес. Бийликтин кысымына карабай, ал каза болгон америкалык аскерлердин чыныгы саны, согушка жумшалган миллиарддаган долларлар жана бул согушта Кошмо Штаттардын жоготуулары тууралуу мамлекеттик сырды жарыялаган. Гезиттин жетекчилери менен журналисттери гезитти жаап, журналисттерди мамлекеттик сырды ачыкка чыгарганы үчүн камап салышарын билишсе да, бул ишти жасаган", - деп жазган саясатчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Алардын бактысына, АКШда бийликтен көз карандысыз сот бар. Сот мамлекеттик сыр болсо дагы, Америка эли чындыкты билүүгө укуктуу деп тапты. Ошондон кийин Washington Times чакан аймактык гезиттен улуттук жана дүйнөлүк таасирдүү гезитке айланды. Бирок басылма бардык кыйынчылыктарды басып өттү.

Мен бир нерсени билем, журналисттерге, массалык маалымат каражаттарына жана жарандык активисттерге болгон кысым, куугунтук ар бир бийлик үчүн кара так бойдон кала берет. Кечээки 5, 10 жылдык тарыхыбызды карасаңар... Ишенип койгула, ошол мезгилден бери эле журналисттер, ММКлар да, жарандык активисттер да чыгып, эртеби-кечпи жеңүүчү болуп чыгып, анын үстүнө ого бетер күчөштү.

Ал Kaktus.media командасы бул абалдан сөзсүз жеңиш менен чыгат деп эсептейт. Алар буга чейин көп жолу чыгышкан. "Аларга такыр тийбей эле койгон жакшы", - деди Жээнбеков.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май районунун прокуратурасы Kaktus.media редакциясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси "Согушка үгүттөө, башкача айтканда, бир өлкөгө экинчи өлкөгө агрессия жасоо же аскердик кагылышууну тутандыруу максатында ар кандай формада көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды таратуу" негизинде кылмыш ишин козгогон. Редакция болуп жаткан нерселердин бардыгын кысым катары баалайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5467