Сабалган эки жашар баланын атасы: "Аялым кожоюн менен жашап алган"
RU

Сабалган эки жашар баланын атасы: "Аялым кожоюн менен жашап алган"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күндөн бери Сокулук районунун Арал айылында 2 жашар баланын сабалышы коомчулуктун үрөйүн учуруп турган чагы. Тактап айтсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканага эки жашар бала денесиндеги оор жаракаттар менен жеткирилген. Көп узабай баланы атасы баласын иш берүүчүсү сабаганын айтып чыкты. Николай Кемалетдин Super.kg порталына окуяны айтып берди.

"3-февралда уулумдун жыныстык мүчөсү кесилгенин билип, иш берүүчүм А.С.нын бизге жасаган мамилеси тууралуу ачык айткым келди. Анткени сабырым түгөндү десем болот. Ал буга чейин да балама, ал эле эмес мага да кол көтөрүп жүргөн. Мен корккондуктан ооз аччу эмесмин. Анын тааныштары да күчтүү. Ал тараптан коркутуулар болгон. Уулумду ооруканага алып барганда дарыгерлер баламдын денесиндеги көк аланы көрүп, милиция чакыртышты. Мен болгонун ачык айттым.

Мен Арал айылында кожоюнумдун фермасында жарым жылдан бери мал карап иштейм. Айлыгым 10 миң сомдун тегерегинде. Кожоюнум мени жалгыз эч жакка жиберчү эмес. Качып кетет деп коркуп жаныма киши кошуп берчү. Бизге кулга жасагандай эле мамиле жасачу.

Аялым экөөбүздүн никебиз бар. Бирок орто жолдо урушуп-табышып жүргөнбүз. Аялым кожоюнум менен жашап алды. Мен анын каалоосуна чек коё алган жокмун. Андан сырткары ортобузда 4 жаштагы кызыбыз бар. Учурда аялым экөөбүз баламдын жанындабыз. Кызыбыз убактылуу ишеничтүү туугандарыбыздын колунда.

Иш берүүчүм болжол менен 36-37 жашта. Аялы жана 3 баласы бар. Бирок аялы шаарда турат. Өзү келип-кетип жүрөт. Ал камалгандан кийин туугандары байланышып тосмо арыз жазып беришимди суранышты. Мен жок дедим. Күнөөлүү жазасын алышын талап кылам. Биз үй-бүлөбүз менен Өзбекстандан көчүп келгенбиз. Аялым Кыргыз өлкөсүнүн жараны", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5495