Садыр Жапаровдун базарга кийип барган курткасы талкуланууда
RU

Садыр Жапаровдун базарга кийип барган курткасы талкуланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта президент Садыр Жапаровдун Ош базарына жана "Дордойго" кийип барган курткасы талкууланууда.

Twitter'деги колдонуучулардын бири өлкө башчысы Stefano Ricci деген италиялык брендинин курткасын кийип жүргөнүн жазган.

"Базарга кийип барганга эң сонун кийим тандап алган, ал жердегилер эптеп күн көрүп жатканын эске алганда", - деп интернет колдонуучу жазды.

Бренддин расмйи сайтындагы маалыматка ылайык, жакасына кемчеттин териси (бобровый мех) салынган куртканын дал ушул модели $5,9 миң турат. Сомго которгондо 500 миңге чукул болот.

Президенттин басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, Жапаров базарларга келип, соодагерлер менен кассалык аппараттарды орнотуу боюнча сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Сүрөттөрдү салыштырып, президент ушул эле куртка менен Кытайга да барып келгенин көрүүгө болот. Так ушул сүрөттөрдө куртканын оң чөнтөгүнүн төмөн жагында бренддин SR деген жазуусун байкоого болот.

Белгилей кетчү жагдай, президент бул бренддин кийимин алгачкы жолу сатып алган жок. Өткөн жылы жайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен жолгушууга Жапаров Stefano Ricci'нин спорттук костюмун кийген. Ал кезде ошол шымдын баасы 1 800 евро, курткасы 3000 евро турчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5514