Тергөөчү пара алууга шектелип, камакка алынды (видео)
RU

Тергөөчү пара алууга шектелип, камакка алынды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 8-февралда пара алууга шектелип Жаза аткаруу кызматынын (ЖК) No47 күзөтүү колониясынын улук тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, камоо "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам кызмат абалынан пайдаланып, соттолгон А.А.Хдан опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Маалым болгондой, капитан О.И.К абактагы адамды душмандары кармалып турган башка абаккаа которуу менен коркуткан. Мындай болбошу үчүн А.А.Х капитанга акча төлөп берүүгө аргасыз болгон. Бул өткөн жылдын апрель айынан бери уланууда.

Учурда кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5523