Бишкекте поезд аялды өлтүрө сүзгөн
RU

Бишкекте поезд аялды өлтүрө сүзгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте аялды поезд сүзүп каза болду. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media редакциясына борбордун Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-февралда саат 09:20 чамасында милицияга чакыруу түшкөн. Алардын айтымында, Некрасов менен Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде аялды поезд сүзүп кеткени маалымдалган.

Маркумдун өздүгү такталып, 1977-жылы туулган К.Э. экени маалым болду.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5526