Надира Нарматова: Бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей жатышат
RU

Надира Нарматова: Бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" деген макам берүүнү сунуштады.

Депутат 10-февралдагы парламент жыйынында V чакырылышта аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганын, аны Нарматова өзү, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев демилгелегенин белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин айтты.

"Мыйзамды VI чакырылышта өткөрбөй коюшкан. Себеби бейөкмөт уюмдардын 20дан ашуун өкүлү депутат болуп калган экен. Ал эми Бактыбек Райымкулов деген депутат демилгелеп, жок дегенде ачык-айкындык болсун деп каржы булагын көзөмөлдөө мыйзамын кабыл алышкан. Тилекке каршы, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, бейөкмөт уюмдар мамлекет ичинде түрдүү багытта чуру-чуу салып келет. Урматтуу төрага, ошол V чакырылыштагы мыйзамды көтөрүп чыкканга тапшырма берсеңиз. Бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" деген макам бербесе тынчтык бербейт экен. Сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатышат", - деди Нарматова.

2021-жылы июль айында президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу" мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

Бейөкмөт уюмдар бул мыйзам алардын эркин ишмердик жүргүзүшүнө каршы багытталганын белгилешүүдө. Эл аралык коомчулук дагы тынчсыздануусун билдирип чыккан. Бул мыйзам долбоорyн VI чакырылыштын депутаттары кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүдө бейөкмөт уюмдардын ролу чоң экенин парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү да айтып келишет.

2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда да Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети болуп, ишке ашкан эмес.

Белгилей кетсек, Турсунбай Бакир уулу Kaktus.media жана Kloop басылмаларына каршы митингге катышкан. Анын пикири боюнча, дагы бир нече массалык маалымат каражаттарына "чет өлкөлүк агент" деген макам берүү керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5531