Панорамада белгисиз адамдар жигиттер менен кыздарды тоноп, сабап кетишкен
RU

Панорамада белгисиз адамдар жигиттер менен кыздарды тоноп, сабап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 4 адам кармалганын Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 8-февралында Аламүдүн РИИБине бир нече жаш балдар жана кыздар кайрылган. Алар өткөн түнү Таштар-Ата айылындагы Панорама аймагында болгонун айтып, ошол жерден белгисиз адамдар эч кандай себепсиз экөөнүн адамдын– 1998-жылы туулган Т.А. менен 1990-жылы туулган О.Т.нын денесине жаракат келтиришкенин айтышкан. Андан соң кол салгандардын бири кыздардын чачтарынан кармап, физикалык күч колдонуу менен коркутуп, эки уюлдук телефонун жана 10 миң сомун тартып алган. Андан кийин бейтааныш адамдар качып кетишкен.

Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206 "Каракчылык" беренеси боюнча иш козголду. Кылмышка шектүү делип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган Ж.Т. жана 1989-жылы туулган О.А. камакка алынган. Кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5553