Кыргызстанда жумушсуздук 2,9 пайызга көбөйдү
RU

Кыргызстанда жумушсуздук 2,9 пайызга көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылы жумушсуз жарандардын саны 0,9 пайызга төмөндөп, 76 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.

Ал эми ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,6%га өсүп, 99,3 миң адамга жеткен. Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында жаштарга эмгек рыногунда талап кылынган кесипти тандоо боюнча кеңеш берүү максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесиптик багыт берүү борборлору ачылды.

2021-жылы кесиптик окууга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга баргандардын саны өстү (22,4 миңден 22,9 миңге жетти). Ошондой эле жумушка орношкондордун саны 15 миңден 15,6 миңге чейин жогорулады.

Кыргызстанда 2022-жылдын башына жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү. 2020-жылга караганда жумушсуздуктун деңгээли 0,1 пайызга төмөндөдү.

Жумушсуз жарандардын эң көбү Баткен жана Жалал-Абад облусунда болууда. Бишкек менен Чүй облусунда жумушсуз жарандар салыштырмалуу аз.

Булак: 24.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5563