Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды атып кетишти
RU

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды атып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран травматикалык куралдан атылган. Бул тууралуу fontanka.ru билдирди.

Басылма бул окуя Торжковский көчөсүндөгү жумушчулардын жатаканасынын жанында болгонун маалымдайт. Милицияга кыргызстандык курууучу телефон чалып, ок атылганын маалымдаган. Милиция кызматкерлери келип имараттын жанынан анын жердеши менен кесиптешин табышкан, ага травматикалык тапанчадан ок тийген.

Андан соң тез жардам келип жабырлануучуну алып кеткен. Маалым болгондой, атылган октон анын сол кулагы убактылуу укпай калган. Бирок, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал үйүнө айыгып кеткени айтылды.

Кылмышкердин "Мерседес Спринтер" маркасындагы унаасы бир чакырымга жетпеген аралыкта табылган. Аны таштап качып кеткен. Ээси фургонду ижарага берет экен. Окуяга шектелип, милиция 51 жаштагы Парголово шаарынын тургунун издеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5572