Унаа жуучу жайда кардар кызматкерди эсин жогото сабап салган (видео)
RU

Унаа жуучу жайда кардар кызматкерди эсин жогото сабап салган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаа жуучу жайдын кардары кызматкерди сабап салды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу машине жуучу кызматкердин жууганы жакпай калган. Ал кайра кайтып келип дооматтарын айта баштаган. Жумушчунун жообу жакпай калып, ага кол көтөргөн.

"Катуу урганы үчүн унаа жуучу жайдын кызматкери эсин жоготкон", - дешти окуянын күбөлөрү.

Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5532