БНИЦТОго жаңы башкы врач дайындалды
RU

БНИЦТОго жаңы башкы врач дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаңы башкы дарыгердин милдетин аткаруучу дайындалды. Бул маалыматты медициналык мекеменин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Башкы врач болуп Памир Муратов дайындалды. Буга чейин ал Свердлов райондук бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеп келген. Ал эми Дамир Дүйшөнов бул милдеттен баш тартты.

***

Эске салсак, өткөн аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО кайра түзүлүп, анын ордуна тез жардам ооруканасы пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келгенин да билдирди. Андан кийин ал президентке да кайрылган.

Бирок, Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кетпей турганын жана БНИЦТиОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын жана БНИЦТиОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын билдирди. Ошого карабастан бул маселени кароо үчүн комиссия түзүлдү.

8-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги буйрукка өзгөртүү киргизип, директорлук кызматты алып салганы белгилүү болду. Тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектеши керек болчу. 11-февралда Сабырбек Жумабеков Садыр Жапаров менен сүйлөшкөн. Ал эми жолугушуудан кийин ал президенттин чечими кандай гана болбосун кабыл аларын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5576