Арасында Кыргызстан жок. Казакстан Алматыга кайсы мамлекеттен согушкерлер келгенин атады
RU

Арасында Кыргызстан жок. Казакстан Алматыга кайсы мамлекеттен согушкерлер келгенин атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын "Акикат" коомдук комиссиясы январь айында Алматыга согушкерлер кайсы мамлекеттерден келгенин атады. Алардын арасында Кыргызстан жок. Бул тууралуу Казакстандын КТК телеканалы билдирди.

Белгилүү казак юристи Айман Умарова террористтер кайсы мамлекеттерден келгенин атады. Анын арасында Кытайдан, Өзбекстандан жана Сауд Арабиядан келген иммигранттар болгон.

Январь окуясынан кийин Казакстандын көз карандысыз юристтери тарабынан "Акикат" коомдук комиссиясы түзүлгөн. Алар январь окуясы боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатышат. Учурда Алматыда эле массалык баш аламандыкка катышкан деп кармалган 308 адам камакта. Алардын көбү күнөөсүн мойнуна алышпайт, бирок дагы деле бошотула элек. Уурулук, башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча 1962 кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5603