Султанбеков: Ал акча сиздин чөнтөккө түшпөйт, ошондуктан актабайт деп жатасыз
RU

Султанбеков: Ал акча сиздин чөнтөккө түшпөйт, ошондуктан актабайт деп жатасыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестиктер болгондугуна байланыштуу финансы министри кызматынан кеткем, дегени боюнча кооментарий берди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров жөнөкөй депутат болсо, мынтип айтмак эмес. Ал премьер-министр болуп тургандыгынан, Алмазбек Атамбаевдин башка жерде жүргөнүнөн, жооп бере албаганынан пайдаланып, ушундай маалыматты элге таратып жатат.

"Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда биз уруша кеткенбиз, анткени мен карызга жол салганга, "Датка кеминди" курганга каршы болгом. Бул долбоорлор кайра акча алып келбейт. Ошондуктан министрликтен кетип калгам, дептир.

  • Биринчиден, ал президент менен урушуп кеткендиктен кеткен эмес. Ал президенттер менен уруша албайт. Ал ар дайым президент болуп турган адамдарга жакшы мамиле кылып келет.
  • Экинчиден, ал кеткен анткени бүт өкмөт толугу менен отставкага кеткен.

Ал өкмөткө кантип кирген? Атамбаевдин, СДПКнын сунушу менен эмес. "Ар-Намыс" фракциясында депутат болчу, фракция өз кезегинде көчүлүк коалицияга кирген. Ошол фракциядан министр болуп барган. Кийин өкмөт кеткенден кийин, фракция өзү аны Ольга Лавровага алмаштырган. Бул президенттин эмес, өкмөттүн эмес, партиянын чечими.

Энергетикадан байштайлы. Атамбаевдин тушунда $5-6 млрд келгени менен жарымынан көбү гранттар болгон. Грант кайра кайтарылбай турган акча. Жардам катары көрсөтүлгөн көмөк. Калган жарымы кредит болгон.

Акылбек Үсөнбекович кредитти албаш керек болчу, анткени жолдор, энергетика киреше алып келбейт деп жатат. Бирок, ошол эле учурда, Кыргызстан өзү өндүргөн энергетиканы алыскы региондорго жеткире албай, Казакстан жана Өзбекстан аркылуу транзит кылчу. Ал жерден жоготуу менен кайра өзүбүзгө келчү. Жыл сайын Өзбекстанга $8 млн Казакстанга $7 млн төлөп турчубуз. Ошондо 20 жылда Казакстан менен Өзбекстанга $600 миллиондон ашык сумманы төлөгөнбүз. Өзүбүздүн региондорго электр энергиябызды өзүбүздүн жер аркылуу жеткире албагандыктан, Борбордук Азиянын энергетика шакекчесин колдонууга аргасыз болчубуз.

Эми 100 миллионго өзүбүздүкүн куруп алдык, коңшу өлкөлөрдөн көз каранды эмеспиз. Эми алар биздин жарыкты өчүрө албайт. Андан сырткары, биз аларга акча да төлөбөй калдык. Энергетикалык көз карандысыздыкка да чыктык. Финансылык жактан да жетишкендик болуп жатпайбы. Эмне үчүн ошолорду ачык айтпайт? Же Курманбек Салиевич айткандай, Кытайдан тезек сатып келишибиз керек беле? Экономикабызды өстүрүү үчүн адамдарга тиешелүү жашоо шарттарын түзүп беришибиз керек.

Бүгүнкү өкмөт дагы деле ошол кезде жасалган иштердин үзүрүн көрүп жатат. Алар тетирисинче ыраазычылык билдириш керек болчу.

Жолдорду да акча коротуп жасабай эле коюш керек болчу, алар өзүн актабайт, деди. 2010-жылы Кыргызстанга 600 миң киши келип кетиптир. Жети жылдан кийин 2017-жылы 3,5 миллионго чейин өсүптүр. Демек, туризм өсүп жатат. Анткени жолдор салынып жатат. Жол салынган жерде бизнес өнүгөт, адамдар жакшы жашайт.

Албетте, сиздин чөнтөккө түшпөйт да бул акча, ошондуктан актабайт деп жатасыз. Ал акча элге шарт түзүп берип жатат, бизнес жүрөт, адамдар байлык топтоп алат.

Мамлекет эмне үчүн түзүлөт? Элине шарт түзүп берүү үчүн. Ошондуктан жол боюнча айткан кептери да суу кечпейт.

А сиз өзүңүз 20 жылда эмне курдуңуз? Ушунча жылдан бери өкмөттө иштеп эмне иш бүтүрдүңүз?", - деген суроону Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровго узатты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5607