Шаирбек Ташиев жарандарды кантип көчө шыпырууга тартуунун жолун айтты
RU

Шаирбек Ташиев жарандарды кантип көчө шыпырууга тартуунун жолун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шаирбек Ташиев жумушчу күчүн тартуу үчүн республика боюнча "Тазалык" ишканасынын көчө тазалаган жумушчуларына жана айдоочуларына кошумча акы берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айылдарда жана шаарларда кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдү төлөсө болот, бирок 2018-жылы кол коюлган №22 токтомдо пункт жок. Ошол жерге бир эле пункт кошуш керек.

"Эсеп палатасы текшерсе, каражаттын максатсыз пайдаланылганы ачыкка чыгат. Ошондуктан документке өзгөртүү киргизүү керек. Алар 5 миң сом, тагыраагы аз айлык алгандыктан көчө шыпыргысы келбейт. Ошондуктан тазалыктарда, муниципалдык эмес жумушчуларды алып калуу, иштетүү кыйын болуп жатат. Айылдардын, шаарлардын бюджетинде ушундай мүмкүнчүлүк болсо, аларга кошумча төлөнүп берилсин. Бирок айылдык, шаардык кеңештердин уруксаты менен гана",- деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5611