Шаирбек Ташиевдин мандаты. Депутаттан мандатынан баш тартууну эч ким талап кыла албайт.
RU

Шаирбек Ташиевдин мандаты. Депутаттан мандатынан баш тартууну эч ким талап кыла албайт.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жумадан бери Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин мандатынын тегерегинде сүйлөшүүлөр токтой элек.

Эске салсак, 23-январда анын бир тууган агасы, Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын парламенттин келерки жыйынында тапшырып берерин билдирген. Бирок, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынына, ал келген эмес.

Ал арада өзүн анын тарапташтары деп атаган жарандар митингге чыгышты. Алар депутатты колдоп мандаттан баш тартпоону талап кылышкан.

Шаирбек Ташиев "Ата Журт Кыргызстан" фракциясына кат жолдоп, бул маселени кароону өтүндү. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго Шаирбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруусу боюнча маселени ар тараптуу жана акыйкат иликтөө өтүнүчү менен кайрылган.

Кийинчерээк кайра Камчыбек Ташиев журналисттерге инисинин өзүнүн шайлоочулары бар экенин билдирген.

"Мен өз оюмду айттым, шайлоочулардын, фракциянын чечимине кийлигише албайм", - деди ал.

Шаирбек Ташиев өзү комментарий берүүдөн баш тарткан. Бирок, бир күн мурун, 3-февралда ал журналисттерге "Мандатын тапшырбайт экен деп жазып койгула" деп жооп берген.

Бул тууралуу мыйзамда кандай?

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинде Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат деп белгиленген:

  • депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын бергенде;
  • жарандыктан чыкканда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
  • депутаттык мандатты чакыртып алганда;
  • башка ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;
  • шайлоолор жараксыз деп табылганда;
  • туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде;
  • депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
  • ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  • бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо;
  • анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  • депутат каза болгондо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, депутаттан мандаттан баш тартууну эч ким талап кыла албайт. Ал Kaktus.media сайтына комментарий берип жатып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" колдонуудагы конституциялык мыйзамда каралган депутаттык мандаттан ажыратуу механизми жок экенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5441