Бөтөлкө менен зордукталган жабырлануучу: Ташиев менен Зулушев жардам беребиз дешкен
RU

Бөтөлкө менен зордукталган жабырлануучу: Ташиев менен Зулушев жардам беребиз дешкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери тарабынан бөтөлкө менен зордукталган Наргиза Ражаповага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев жардам берүүнү убадалашкан. Бирок, ага карабай иш жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабырлануучу өзү билдирди.

Аялдын айтымында, анын арызы бир тергөө органынан экинчисине өткөрүлүп, Кыргызстандын мыйзамдары талап кылгандай ага маалымдалбай, бардык жерде иш жабылган.

"Алгач башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кабыл алуусунда болдум. Ал ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берүү боюнча буйрук берген. Бирок эмнеге мындай буйрук бергенин түшүнгөн жокмун, мени кыйноого алышкан, буга экономикалык кылмыштардын кандай тиешеси бар? Мындан тышкары, ал күнөөлүүлөрдү сөзсүз жазалоону убада кылган. Натыйжада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында иш жабылды. Башкы прокурордун орун басары бул ишти Жалал-Абад облусу боюнча УКМКга өткөрүп берди. Ал эми мени Ош облусунда кыйноого алган. Мен Ташиев менен да жолугушууга баргам, ал дагы бул маселени тыкыр иликтеп, жеке көзөмөлүнө аларын айтып ишендирген. Анын кол алдындагылар да ишти жаап салышты",- дейт Раджапова.

Ал аны жабырлануучу катары тааныбай, тергөөчүлөр ишти жаап жатканына нааразы.

"Мен комплекстүү экспертизадан өттүм. Анда мен кармалып турган учурда ооруган эместигимди, боюмдан түшүп калууга таасир эте турган эч кандай вирус жок экенин көрсөтүлгөн. Бирок тергөөдө ага карабай, вирустун айынан боюнан түшүп калган деп көрсөтүп жатат. Чындыгында милициянын мени кыйноосунан улам боюман түшүп калды", - деп түшүндүрдү Раджапова.

Ал эки жолу башкы прокурор Зулушевдин, бир жолу Ташиевдин кабыл алуусунда болгонун, экөө тең анын акыйкаттыкка жетишине жардам бере албаганын кошумчалады.

Эске салсак, Наргиза Раджапова Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылган. Аял милиция кызматкерлери аны, анын күйөөсү Дамир Шабралиевди, агасы Мурат Раджаповду жана 17 жаштагы уулу Элдиярды кыйнашканын айткан. Укук коргоо кызматкерлери бул адамдарды подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча күнөөлүү деп айыптап мойнуна алышын талап кылышкан. Раджапова ал кезде кош бойлуу болгон. Алар эгиз экени айтылган. Бирок, кыйноодон улам боюнан түшүп калган.

2018-жылдын 28-мартында Башкы прокуратура Ош ШИИБдин кызматкерлерине кыйноо жана мыйзамсыз кармоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Бирок кийинчерээк иш кыскартылганы белгилүү болду.

Жабырлануучунун аялы айыпталуучуларды калп айтты деп айыптаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5613