Ооруканадагы адам ийне сайдыргандан кийин каза болуп калган
RU

Ооруканадагы адам ийне сайдыргандан кийин каза болуп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы No17 ҮМБда (үй-бүлөлүк медицина борбору) адам укол алгандан кийин каза болгон. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Бишкектеги No2 жана No17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун башкы дарыгери Элмира Турумбекова тастыктады.

Анын айтымында, чындап эле 17-февралда Бишкектеги No17 ҮМБда, 1959-жылы туулган жаран укол алгандан кийин каза болгон.

"Ал киши өнөкөт жүрөк оорусу, гепатит С, 3-даражадагы гипертония ж.б.у.с. оорулары менен каттоодо турган", - деп түшүндүрдү Турумбекова.

Ал кишиге мурда да алып жүргөн Улуттук жүрөк борборунан экстенбензатин дарысын жазып беришкен. Бирок ал ҮМБга көп убакыттан кийин, башкача айтканда, экинчи текшерүүсүз келген. Аялы экөө дарыны алууну талап кылып туруп алышканда, ага дарылоо бөлмөсүнө жолдомо берилген.

"Маркум 21 күндө бир дары алышы керек болчу. Дарыгер ага текшерүүдөн өтүү үчүн жолдомо берип, рецепт жазып берген. Ага баш ийбей аялы менен кайтып келип, укол саюуну суранган. Уколду алгандан кийин коридорго чыгып 10 мүнөттй отурган. Тилекке каршы абалы начарлап, эсин жоготуп, тез жардам келгенге чейин каза болуп калган", - деди Турумбекова.

Анын сөөгү өлүкканага экспертизага жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5624