Үстүнө жылыткыч кулап түшкөн. Эки жашар бала каза болду (чоо-жайы)
RU

Үстүнө жылыткыч кулап түшкөн. Эки жашар бала каза болду (чоо-жайы)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин жанындагы үйлөрдүн биринде эки жашар баланын үстүнө жылыткыч кулап түшкөн. Ал катуу күйүк алып, каза болггонун Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 14-февралда Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринде 2 жаш 7 айлык баланын үстүнө жылыткыч түшүп кеткен. Алган күйүктөн Бишкектин 4-шаардык ооруканасында каза болгон.

Маалыматка ылайык апасы дүкөнгө кетип, бала менен атасы үйдө болгон. Атасы уктап калганда, ымыркай уюлдук телефонун алууга аракет кылып, жанындагы жылыткычты сүзүп алып, катуу күйүп калган.

"Ымыркайдын атасы менен апасы шок абалда балага кантип жардам берүүнү билбей, кошуналарды чакырышкан. Алар Бишкектин 4-шаардык ооруканасына алып барышканы менен дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес", - деп ​​билдиришти белгилүү булактар.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркай ур-токко алынган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5634