Түркия Кыргызстанга аскердик жеңил унааларды, автобустарды, техникаларды берди. Сүрөттөр
RU

Түркия Кыргызстанга аскердик жеңил унааларды, автобустарды, техникаларды берди. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-февралда Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка КР Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана жеке курамы катышты.

Маалым болгондой, түрк тарап Кыргызстанга "атайын техника, унаа жана башка техникаларды" тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5636