Афганистанда кудукка түшүп кеткен бала каза болду
RU

Афганистанда кудукка түшүп кеткен бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистанда он жашар баланы терең кудуктан чыгаруу операциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

"Талибан" террористик топтун саясий кеңсесинин өкүлү Анас Хаккани "Тилекке каршы, Хайдар бөбөктөн түбөлүккө айрылдык. Биздин өлкө бүгүн терең кайгыруу менен аза тартып жатат", - деп твиттерге жазган.

Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча куткаруучулар күнү-түнү иштеп, акыры Хайдарды чыгарышкан. Бирок ал эсин жоготкон абалда болчу. Аны тик учак менен Кабулдагы ооруканага жеткиришмек.

Операция жыйынтыкталып, баланы чыгарганда ал дем албай калган. Медиктер ага кычкылтек берип, тик учакка салып жаткан учурда үзүлдү", - деп жергиликтүү полиция өкүлү маалымдады.

Буга чейин Мароккодо, беш жаштагы Раян 30-метрлик кудукка түшуп кеткен. Раянды беш күндөн кийин алып чыгышкан. Тилекке каршы, өтө кеч болуп калган. Аны ооруканага тез жардам менен алып бараткан учурда каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5644