13 жашар кыз аны милиция зордуктады деп айтты. Милиция маалыматты төгүндөдү
RU

13 жашар кыз аны милиция зордуктады деп айтты. Милиция маалыматты төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, 13 жаштагы кыз аны милиция кызматкерлери зордуктады деп билдирген. Бирок, укук коргоочу органдардын кызматкерлери бул маалыматты жокко чыгарышты. Алардын айтымында, өспүрүм кыз 18 жаштагы жигити менен жашап жүргөнүн жашыруу үчүн калп айткан. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришкен.

Алардын айтымында, өткөн жумада Биринчи май райондук ИИБге Ош облусунун тургуну кайрылып, анын кызын зордуктаган белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Ата-энеси кызынын жыныстык катнашка барганын билип калышкан. Өспүрүм коркуп кетип, аны милиция зордуктап жүргөн, деп билдирген. Бирок, тергөө иштеринин жүрүшүндө маалымат чындыкка дал келбей турганы аныкталган. 13 жаштагы кыз 18 жаштагы жигит менен сүйлөшүп жүрчү экен.

2004-жылы туулган жаран кармалып, Бишкектин ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

КРдин ИИМи ички иликтөө да жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Маалымат булагы билдиргендей, өспүрүм кыз бир нече айдан бери жигити менен жашап жүргөн. Андан тышкары, такталбаган маалыматтарга ылайык кыз аз камсыздуу үй-бүлөдөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5650