Акжол менен Мээрим 25 жашка чейинки дүйнөнүн мыкты 10 балбанынын катарына кирди
RU

Акжол менен Мээрим 25 жашка чейинки дүйнөнүн мыкты 10 балбанынын катарына кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) дүйнөдөгү 25 жашка чыга элек эң мыкты 25 балбандын рейтингин жарыялады. Бул рейтингге Кыргызстандан төрт балбан кирсе, анын экөө алдыңкы ондукка кирген.

Кыргызстандыктардын арасынан эң жогорку рейтингде Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон Мээрим Жуманазарова турат. Ал 6-орунда.

Кийинки 7-орунда Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси 22 жаштагы Акжол Махмудов келе жатат.

Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси 23 жаштагы Эрназар Акматалиев да рейтингге кирип, 15-орунду ээледи. Ал эми Айпери Медет кызы рейтингде 17-орунда.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында чемпион болгон жапониялык балбандар Юи Сусаки менен Такуто Отогуро 1-орунду бөлүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5656