Дастан Бекешев депутаттарга "Акыркы сабак" сериалын көрүүнү сунуштады
RU

Дастан Бекешев депутаттарга "Акыркы сабак" сериалын көрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитеттин отуруму өткөн. Ага депутат Дастан Бекешев катышып, мектептеги рэкет көйгөйү боюнча сөз кылды.

"Учурдан пайдаланып сунуш киргизет элем. 14 мартта комитетте мектептеги рэкет маселесин карасак жакшы болмок. Эки жума мурун Кара-Балтада окуучулар мушташты, көлдө да ушундай окуя катталды. Бизде жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү министрлиги, билим берүү министрлиги кандай аракеттерди кылып жатышат? Кандай аракеттер жүргүзүлүүдө. Балдар, рекетке кабылгандар кайда кайрылуусу керек?

Жакында биздин балдар "Акыркы сабак" деген сериалды чыгарышыптыр. Алар мектептеги реалдуу жашоону көрсөтүшкөн. Ойдон чыгарылган жери жок. Бул абдан маанилүү маселе. Миграциянын айынан мектептерде ушундай рэкет болуп жатат.

Депутаттарга, министрлер кабинетине да көрүүнү сунуштайм. Азыркыга чейин ушундай көрүнүш бар. Интернеттен деле окуп, угугп жүрөбүз. Мен окуучу балдардан да сурагам. Чындап эле мектепте бири-бирин сабашат. Акчаны талап кылышат", - дейт депутат.

Дастан Бекешев 14-мартта комитеттин кийинки жыйынында ушул маселени карап чыгууну сунуштады.

"Акыркы сабак" сериалы КТРКдан жана Youtube'дан көрсөтүлүп, көрүүлөрдүн (просмотр) жалпы саны 20 миллиондон ашкан. Сериал балдарды рэкеттен алыс болуп, окууга басым кылууга үндөйт. Айрым маалыматтарга ылайык, "Акыркы сабакты" көргөндөн кийин региондордо программалоо жана англис тил курсуна жазылгандардын саны кыйла өсүп, кээ бир жерлерде орундар калбай калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5660