Министрлик: Окуучулардын тамагына бөлүнгөн 7 сом жетишсиз
RU

Министрлик: Окуучулардын тамагына бөлүнгөн 7 сом жетишсиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баштапкы класстын окуучуларына ысык тамак берилбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде белгилүү болду.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, бюджеттен бөлүнгөн 7 сом окуучулардын тамактануусуна жетишсиз. Ошондуктан, ведомство финансы министрлигине кайрылып, жок дегенде 14 сомго чейин көбөйтүп берүүнү суранган.

"Азык-түлүк кымбаттап кетти. Мектептин тамактануусуна конкурс жарыялаганда, компаниялар каалоосу жок катышат. Себеби сунушталган сумма аз, азык-түлүк кымбат", - дейт ал.

Депутат Айгүл Айдарова чиновниктердин бири 7 сомго жасалган тамакты жеп көрдү беле деп кызыкты.

Жусупбекова баалар көтөрүлгөнгө чейин Билим берүү министрлигинин кызматкерлери мектептерге барып, даярдалган тамак ашты көрүп келишкен.

"Тамактары жакшы болчу. Бирок учурда бөлүнгөн каражат жетишсиз. Ошондуктан ысык тамактан баш тартууга туура келди. Азыр окуучуларга компот менен булочка эле берилет", - деди билим берүү министрлигинин өкүлү.

Комитеттин мүчөлөрү жана Билим берүү министрлигинин жетекчилиги мектеп окуучулардын тамактануусун жана ашканалардын абалын чогу текшремек болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5657