Коррупция барбы? Бишкектеги ЖОЖдордун студенттеринин жообу
RU

Коррупция барбы? Бишкектеги ЖОЖдордун студенттеринин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеш менен Билим берүү жана илим министрлиги студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүштү. Студенттерге кышкы сессия учурунда алардын билим берүү мекемелериндеги коррупция боюнча суроо берилди, деп билдирет АДФнын басма сөз кызматы.

Сурамжылоо студенттер арасында жүргүзүлгөн:

  • И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;
  • Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ);
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА).

Сурамжылоого жалпысынан 1299 студент катышкан. Алардын 37%ы окуу жайында коррупция бар деп жооп беришсе, 63%ы сынактарда коррупция жок деп эсептешет.

КРСУ (64%) жана КММА (50%) студенттери алардын окуу жайында коррупция бар деп эсептешет. Мындан тышкары, студенттер сессияны өткөрүүдө коррупциянын бардык элементтерин жана аларга кандай кысым көрсөтүүгө болорун активдүү айтып беришкен. И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100% студенти алардын университетинде сынак тапшырууда коррупция жок деп жооп беришкен.

Сессияда пара берилеби деген суроого респонденттердин 90% терс жооп берген.

Студенттердин 49% опузалап, паракорчулукка кабылганда кайда кайрылууну билсе, ал эми 51% билишпейт.

АДФ Катчылыгы мындай сурамжылоолорду квартал сайын, анын ичинде сессиялар учурунда да өткөрүү керек деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5661