Мыкаачылык менен сабалып, ооруканага түшкөн Егорду чоң энеси багат
RU

Мыкаачылык менен сабалып, ооруканага түшкөн Егорду чоң энеси багат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыкаачылык менен сабалып, ооруканага түшкөн эки жашар Егорду чоң энеси багат. Бул тууралуу "Балдар укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Белгилүү болгондой ооруканадан чыккандан кийин мамлекеттик органдар Егорду убактылуу чоң энеси Натальяга кам көрүүгө уруксат беришкен.

"Кайрымдуулук көрсөткон уюмдар тергөо амалдары жүрүп жаткан учурга ижарага батир алып беришкен. Алдыда узак реабилитация. Тезирээк сакайып кетсин! Биздин уюм аларга укуктук жардам көрсөтүүсүн улантат", - дейт Турдубекова.

Эске салсак, 3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында аймактык ооруканага денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган. Кийинчерээк милиция аталган кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап иштечү. Буга чейин мал караган жубайлар жумуш берген адамга карыз болуп калышкан. Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, уулун аны менен чогуу жашаган киши сабаган. Тагыраагы, бул жубайларга жумуш берген жергиликтүү тургун. Учурда иликтөө иштери уланууда.

ЮНИСЕФтин маалыматы ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5668