Бир жашар кызды бала багуучусу сабады деп айыпталууда
RU

Бир жашар кызды бала багуучусу сабады деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну милицияга кайрылып, анын бир жашар кызын бала багуучусу сабады, деп айыптады. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБсине жергиликтүү тургун кайрылып, анын бир жаштагы кызын карап жаткан аялга арызданды. Анын айтымында, бала багуучу кызын сабап салган.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бала багуучу эч качан кызга кол көтөрбөгөнүн билдирип, ал өзү эле керебетинен жыгылган, деп айтууда.

Тиешелүү чаралар экспертизанын жана тергөө иштеринин жыйынтыгы менен кабыл алынат. Айрым маалыматтар боюнча, арыз жазуучу бала багуучусуна 20 миң сом карыз, ал ушундай жол менен акчасын төлөөдөн качып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5685