Владимир Зеленский элине кайрылды
RU

Владимир Зеленский элине кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасады:

"Урматтуу Украинанын жарандары!

Бүгүн эртең менен Путин Донбасста атайын аскерий операция баштала турганын жар салды.

Россия биздин аскерий инфраструктурабызга, чек арачыларыбызга жана чек ара отряддарына сокку жасады. Украинаны көп шаарларында жардыруулардын добушу угулду.

Биз өлкө боюнча аскерий кырдаалды киргизебиз.

Бир мүнөт мурун АКШнин президенти Байден менен сүйлөштүм. АКШ эл аралык колдоону чогултат.

Азыркы тапта ар бириңердин сабырдуулугуңар керектелет. Колдон келишинче үйдө болууга аракет кылгыла. Биз иштеп жатабыз. Аскер иштеп жатат. Украинанын коопсуздук сектору толугу менен кызматта. Мен, СНБО, Украинанын министрлер кабинети ар дайым байланыштабыз. Жакын арада кайрадан байланышка чыгам. Паникага алдырбагыла.

Биз күчтүүбүз. Биз бардыгына даярбыз. Биз бардыгын жеңип чыгабыз, анткени биз - Украинабыз. Украинага даңк!"

Эске салсак, 24-февралда, Россиянын президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасап, Донбасста атайын аскерий операция башталганын жар салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5687