Президенттин катчысы Бишкектин мэринин жаңы кызматка дайындалышын түшүндүрдү
RU

Президенттин катчысы Бишкектин мэринин жаңы кызматка дайындалышын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэри кызматынан алынып, башка кызматка дайындалышы боюнча түшүндүрмө берди.

"Айбек Жунушалиев борбордун турмушун, муниципалдык түзүмдөрдүн ишин жакшыртуу боюнча белгилүү иштерди жүргүздү. Эми ага мындан кем эмес жооптуу жана татаал иш чөйрөсү ишенип берилди. Мында борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын айыл өкмөттөрүнөн тартып министрликтерге жана ведомстволорго чейин бардык деңгээлинде көзөмөлдөө зарыл. Жаңы кызматта ал мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенебиз.

Өз кезегинде Бишкектин жаңы мэрине борбор калааны эффективдүү өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Кубатбек Кожоналиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын билдиребиз", - деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, бүгүн, 24-февралда, Айбек Жунушалиев отставкага кетип, анын ордуна Эмилбек Абдыкадырорв Бишкектин мэри болуп дайындалганы бегилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5701