Тышкы иштер министрлиги Украина боюнча билдирүү жасады
RU

Тышкы иштер министрлиги Украина боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Кыргызстан Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатат.

"Россия жана Украина эли менен болгон достук мамилелерибизди эске алып, тараптар мындан аркы курмандыктарды жана талкалоолорду алдын алуу максатында, тез арада тынчтык жолуна түшүп, конфликти чечүүнүн жаңы форматтарын, механизмдерин жаратааррына ишенебиз.

Бул жагынан тараптардын ортосундагы сүйлөшүүгө багытталган кандай болбосун демилгелерди жана сунуштарды колдойбуз.

Бардык тараптарга кайрылып, жөнөкөй жарандардын анын катарында чет элдиктердин коопсуздугун камсыздап, конфлик аймагынан чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берүү суранычы менен кайрылабыз", - деп билдирүүдө жазылган.

Белгилей кетсек, Kaktus.kg мындан мурун Украинадагы кырдаал боюнча комментарий сурап Тышкы иштер министрлигине кайрылган болчу. Бирок ведомство мындай билдирүүнү президент жасады, деп жооп берген.

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Донасста атайын аскер операциясы башталганын жар салган. Кечээ, 25-февралда, Владимир Зеленский "жөнөкөй элдин өлүмүн токтотуу" максатында россиялык лидерге сүйлөшүүлөргө отурууну сунуштады. РФтин президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Путин сүйлөшүүлөрдү Минскийде жүргүзүүнү сунуштаганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5721