Беларусиянын президенти Зеленскийдин белорустарга кайрылуусуна жооп берди
RU

Беларусиянын президенти Зеленскийдин белорустарга кайрылуусуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко 27-февралда өткөн Белорусиялык Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча республикалык референдумда добушун берди, деп президентинин сайтында жазылган.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Лукашенко Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин беларус элине кайрылуусу боюнча комментарий берди. "Жакында эле "кичинекей наполеончик" (ал жөнүндө ушинтип айтып жатканым үчүн кечирип койгула) референдум боюнча белорус элине кайрылыптыр. Украинада бункерде жатып алып белорус элине эмне кылышты айтып кеңеш бергенден башка иш калбай калгансып. Ал бизге да Украинанын тагдырын каалап жатат окшойт".

Лукашенко Украинанын аймагынан Белорусияга радикалдар үчүн курал жарак жеткирилгенин, Белорусиядагы каршылык акциялар үчүн согушкерлер даярдалгынын эскерди. Андан тышкары, Украина биринчилерден болуп белорус учактарына аба мейкиндигин жаап, андан башка дагы чектөөчү чараларды киргизген, деп кошумчалады.

"Ал кимге кайрылып жатат? Биз украиналыктарга ар дайым адамча мамиле жасап келгенбиз. Биз бардыгын жасаганбыз, жыйынтыгында кандай жооп алып жатабыз? Ал ар дайым майка же ич кийим кийип алып, белорус элине кайрылуу жасайт. Белорус элине кайрыла турган кишиси бар. Ал өзүнүн украина элине кайрыла берсин, жана Украинада бүгүн болуп жаткан иштерге жооп берсин".

Анын айтымында, учурда Украинада болуп жаткан окуялар башталышы гана.

"Мындан ары ушинтип улана берсе, ал эч бир бункерге жашына албайт, америкалык дагы эч кайсы. Ошондуктан согушту бүгүн токтотуу зарыл. Мен азыр муну согуш деп дагы атамак эмесмин. Бул конфликт. Бир-эки күндө - согуш болот. Үч күндөн кийин мясорубка башталат", - деди ал.

Лукашенко Украинада бир да белорус солдаты, бир да патрон жок, деп баса белгиледи.

"Ал (Зеленский. - эск.) бүгүн бизди согушуп жатасыңар деп кекетип жатат. Ал жакта биздин бир да солдатыбыз жок. (Мен кечээ, бул тууралуу Макронго да айткам, алар биздин жоопту тастыкташат) Биздин бир да аскер машина, бир да пулемёт, гранатомет, пистолет жок. Россия буга муктаж эмес. Алардын көйгөлөрдү чечүү үчүн курал-жарагы да кишиси да жетиштүү. Ошондуктан бизди жөн жерден айыптабагыла".

Ошону менен катар, президент Украинада бүгүнкү күндө орустарга жана белорустарга кол салып, аларды талап, тоноп жатканын айтты. "Ал эмне мени атайын операция жүргүзүүгө түртүп жатабы? Мен да Украинада калган элимди бошотушум керекпи? Эси жоктор! Кишилерге тийбегиле. Алар силерге эс алганы барса керек, туугандары да көп. Алар бизге террористик атака жасайбыз деп коркутушкан, Белорусияга каршы бандиттерди даярдап алышып", - деп Лукашенко белгиледи.

Лукашенко Белорусиянын аймагынан Украинаны көздөй ракеталар атылганын тастыктап, бул аргасыздыктын айласы экенин белгиледи.

"23-февраль күнү кечинде, саат 11де конфликтин алды менен Чернобыль район тараптан россиялык аскерлердин окуулары жүрүп, эки же үч ракета атылган", - деди Лукашенко.

Белорусиялык президенттин айтымында, чалгындоо кызматы берген маалыматка ылайык, Украина тарап чек арадан 10-15 километр аралыкта ракеталык дивизиондорун жайгаштырып, бир нече мүнөттө Белорусияга кол салмак.

"Мен аларга ракеталарды аткыла деп буйрук берген эмесмин. Мен "Ооба, жигиттер биз бардыгын көрүп турабыз" деп айткам. Мына ошондо россиялыктар эки же үч ракета атышыптыр. Андан кийин украиналык позициялар жок болгон. Эмнеге бул согушту баштадыңар?" - дейт Лукашенко.

Президент ага Украинанын элита өкүлдөрү чыгып, Зеленский менен сүйлөшүүнү суранышканын айтты.

Гомелде тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн бардыгы даяр. Биз Украина жетекчилигин күтүп жатабыз, деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5744