ТИМ: Украина өзүнүн элчисин чакыртып алуу боюнча Кыргызстанга кабарлаган эмес
RU

ТИМ: Украина өзүнүн элчисин чакыртып алуу боюнча Кыргызстанга кабарлаган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украина Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенконун чакыртылып алынганы тууралуу кабарлаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Kaktus.media сайтына тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев билдирди.

"Расмий түрдө украин тараптан билдирүү алган жокпуз, андыктан азырынча комментарий бере албайбыз. Бул маселе боюнча украин тараптан расмий жооп күтүп жатабыз", - деди министрдин орун басары.

Зеленский Кыргызстандагы Украинанын элчисин "Украинага агрессияны актаганы үчүн" чакыртып алуу тууралуу билдирүү жасаган. Анын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы кеңешүү үчүн Киевге барат.

Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катчысы да расмий маалымат дипломатиялык өкүлчүлүктүн пресс-релизинде жарыялана тургандыгын айтып, билдирүү боюнча комментарий берген жок.

Эске салсак, Жовтенко Кыргызстандагы элчи болуп 2018-жылдын августунда дайындалган. Ал эми 2011-2015-жылдары Литвадагы элчиси болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5774