Кыргызстан аскерлерин өлкөдөн тышкары жибереби? Коргоо министрлигинин жообу
RU

Кыргызстан аскерлерин өлкөдөн тышкары жибереби? Коргоо министрлигинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын бардык аскер бөлүктөрү өлкөнүн чегинде жайгашкан. Аларды мамлекеттик чек арадан тышкары колдонуу планда жок. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.

Коргоо министрлиги ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн азыркы учурда чет өлкөдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу тууралуу ар кандай божомолдорду четке кагууда. Ал эми кыргыз элин расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүнү суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5809