Кремль Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун шарттарын атады
RU

Кремль Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун шарттарын атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгер Киев Россия Федерациясынын шарттарын аткарса, операцияны "каалаган учурда" токтото аларын билдирди. Бул тууралуу 7-мартта Россиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.

Анын айтымында, Украина Крымды орусиялык деп, ошондой эле ДНР менен ЛНРдин көз карандысыздыгын таануусу керек. Андан тышкары, Украина конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, "кандайдыр бир блокко" кирүү дооматтарынан баш тартышы керек.

"Биз Украинаны демилитаризациялоону аяктап жатабыз. Аны аягына чыгарабыз... Алар (украиндар) согуштук аракеттерди токтотушу керек", - деп баса белгиледи ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5868