New York Times Украинадагы согуштун аякташынын үч вариантын билдирди
RU

New York Times Украинадагы согуштун аякташынын үч вариантын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык журналист Томас Фридман New York Times'ка жарыялаган макаласында Украинадагы согуштун аякташынын үч вариантын келтирди.

Биринчиси, эң каардуу. Ал Европа нацисттердин заманынан берки көрбөгөндөй укмуш масштабдагы согуштук кылмыштарга алып келет. Эксперттин пикири боюнча, эгер Батыш Владимир Путинди токтото албаса, ал Украинанын ташталканын чыгаруу үчүн бардык күчүн жумшайт.

"Заманбап, глобалдашкан дүйно жүзү, ушунча согуштук кылмышка айыпталган лидерге туш боло элек болчу. Путиндин мамлекети 11 саат айырмачылыгы бар өлкөнү башкарат. Россия дүйнөдөгү нефть менен газдын эң ири өндүрүүчүсү. Анда ядердик боеголовкалардын саны да эң көп", - дейт Фридман.

Экинчи сценарийге ылайык, Россияга каршы санкциялар күчүнө кирип, эки тарап тең компромисске барууга аргасыз болушат. Бирок, журналисттин пикири боюнча, бул варианттын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөн.

"Азыркы тапта де-факто Россиянын карамагына кирген Украинанын чыгышындагы анклавдар формалдуу түрдө Россияга өткөндүгү үчүн ок атууну токтотуу жана россиялык аскерди аймактан чыгарып кетүү талап кылынат. Ал эми Украина эч качан НАТОго кошулбайм деп убада берет. Ошол эле учурда АКШ жана анын тарапташтары Россияга каршы киргизилген санкциялардын бардыгын алып салууга макул болушат", - деп эксперт божомолдоду.

Фридмандын айтымында, бул вариант Путиндин утулуп калышына тете.

Эң акыркысы, үчүнчүсү жана реалдуулуктан эң алыс варианты - россиялыктар Путинге каршы чыгып, аны тактыдан алып түшүрүшөт.

"Миңдеген жарандар азыр деле Путиндин согушуна каршылык билдирип, көчөлөргө чыгып жатышат. Алар жеке коопсуздугун тобокелге салып жатканына карабастан ушундй кадамга барууда. Азырынча бул тууралуу айтуу али эрте, бирок каршылык көрсөтүү массалык кыймылга айланат болду бекен? Ал Путиндин режимин токтото алаар бекен? - деген суроолор жаралбай койбойт", - деп макаланын автору жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5881