Президент жана биринчи айым хоккейчилерди куттукташты (фото)
RU

Президент жана биринчи айым хоккейчилерди куттукташты (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында бүгүн, 8-мартта, IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүүчүлөр катары көрүштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Улуттук курама Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи.

Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди Чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Садыр Жапаров спортчулар менен баарлашууда улуттук кураманын жеңиши бардык кыргызстандыктарга кубаныч жана сыймыктануу тартуулаганын белгиледи.

Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өттү.

Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.

Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5882