"Бар, жоголушсунчу". Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирдеги дебаттан чыгып кетти
RU

"Бар, жоголушсунчу". Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирдеги дебаттан чыгып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев НТС каналындагы "Эмнеге" программасынын алкагында Бермет Барыктабасова менен болгон дебаттан качып чыгып кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Барыктабасова билдирди.

"Түз эфир болуп жаткан жеринен министр менден качып чыгып кетти", - деп билдирди медицина боюнча адис. Ошондой эле бул эң кыска түз эфир болгонун кошумчалады.

Бул видеону түз эфирдин алып баруучусу Эркин Рыскулбеков Facebook баракчасына жарыялады. Министр Барыктабасованы өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатканын айтып, анын сырткы көрүнүшү башкача деп ойлогонун билдирген. Ал Барыктабасовага "үйдө отуруп алып сындабай, жардам бериш керек",- деп кайрылган.

"Мен мындай кадыр-барксыз адамдар менен дебатта тартышкым келбейт. Кечирим сурайм", - деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы студиядан чыгып кетти.

Ал эми Барыктабасова ага кайрылып: "Ден соолукта болуңуз. Мен жардам берем",- деп күлүп койду.

"Бар, жоголушсунчу", - деди Бейшеналиев чыгып баратып. Кимди айткысы келгени белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5966