30 жыл иштеп, мен мынча албайм. Масалиевди "Инфокомдун" жетекчисинин айлыгы таң калтырды
RU

30 жыл иштеп, мен мынча албайм. Масалиевди "Инфокомдун" жетекчисинин айлыгы таң калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев канча айлык алаарын билип таң калды.

Жыйында Рыскулбек Осмоналиев 70 миң сом, ал эми IT адистери 80-100 миң сом алышат деп маалымдалган.

"Мен 30 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп, эч качан мындай айлык алган эмесмин. А силер жаш экениңерге карабай көп маяна алып жатасыңар. IT адистерине ушундай айлык төлөш керек, антпесе алар башка жакка кетип калышат", - деп жооп берди Масалиев.

Осмоналиев бардык жөлөкпулдарды эске алганда 70 миң сом алып жатканын, бул айлыктын өзү гана (оклад) эмес экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5981