Сот Муртазалиевди шайлоодон четтетүү чечимин күчүндө калтырды
RU

Сот Муртазалиевди шайлоодон четтетүү чечимин күчүндө калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын административдик соту судья Азиз Эшалиевдин катышуусунда депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин арызын кароодон баш тартып, БШКнын No29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди жеңүүчү деп каттоону жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media сайтына юрист Таалайгүл Токтакунова билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы тастыктады.

Адвокаттын айтымында, Жогорку Сотто биринчи инстанциянын чечими боюнча даттануу каралат.

Эске салсак, БШК 9-мартта Ички иштер министрлигинин шайлоо күнүнө чейин жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында Муртазалиевди шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Ал эми талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы административдик сотко арыз менен кайрылган болчу.

Буга чейин БШК соттук териштирүү аяктагандан кийин комиссия Муртазалиев жана башка талапкерлердин канча добуш алганын карап чыгарын маалымдаган. Эгерде алардын саны шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашса, бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5991