Путин эл алдына 1,4 миллион рублдик куртка кийип чыкты
RU

Путин эл алдына 1,4 миллион рублдик куртка кийип чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин "Лужники" стадионунда өткөн "Крымская весна" концертине катышып, үстүнө италиялык Loro Piana брендинин курткасын кийип чыккан, деп TMT Telegram-каналы жазды.

Москвадагы ЦУМдун сайтында күз/кыш коллекциясындагы ушуга окшош куртка 1, 445 миллион рублге сатылууда.

Белиглей кетсек, Путинди буга чейин деле ушул бренддин кийимдерин кийгенин байкашкан. 2015-жылы The Times журналы Loro Piana'нын спорттук костюмун 2000 фунт деп баа берген. РФтин президенти ал костюмду кийип алып спорт менен машыкчу. 2019 жылы РБК сайты өлкө башчысы Week End Walk брендинин кроссовкисин кийип жүргөнүн байкап, анын баасы 61 миң рубль деп жазган. 2020-жылы президент Loro Piana'нын кардиганын Петербургдун Спасо-Преображенсикй соборунда өткөн рождество кечесине кийип чыккан болчу.

Эске салсак, февраль айынын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дордой жана Ош базарларына барып, соодагерлер менен ККМ боюнча сүйлөшкөн. Анын кийип жүргөн курткасын талкууга алынып, Twitter'деги колдонуучулардын бири өлкө башчысы Stefano Ricci деген италиялык брендинин курткасын кийип жүргөнүн жазган.

Бренддин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, жакасына кемчеттин териси (бобровый мех) салынган куртканын дал ушул модели $5,9 миң турат. Сомго которгондо 500 миңге чукул болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6041