УКМК: Бажы кызматынын мурдагы башчысы 51 миллион сом төлөдү
RU

УКМК: Бажы кызматынын мурдагы башчысы 51 миллион сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-мартта, Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Адилет Кубанычбеков тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды. Мындан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды да моюнуна алды. Бул анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүгө негиз берди.

"Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке баюу максатында бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысын негизсиз ашыра көтөргөн", - деп билдирди УКМК.

Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга айыпталып 17-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кубанычбеков бул кызматка 2020-жылы октябрь айында дайындалып, ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6046