Афганистандагы мурунку министр Америкада таксист болуп, үй-бүлөсүн багып жатат
RU

Афганистандагы мурунку министр Америкада таксист болуп, үй-бүлөсүн багып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талибдер өлкөнү басып алганга аз калганда АКШга кеткен Афганистандын мурдагы каржы министри Халид Пайенда Вашингтондо таксист болуп калды. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып, Акипресс кабарлады.

40 жаштагы мурунку министр Афганистанга АКШ тарабынан бөлүнгөн 6 миллиард долларга жеткен бюджетти көзөмөлдөп келген.

Ал берген маегинде Кабулдан Америкага көчүү оңойго турбаганын айткан. Американын Афганистандагы саясаты жетишерлик олутту болбогонун да кошумчалады.

Пайенда министрлик кызматын Кабулду Талибдер басып алгандан бир жума мурда тапшырып, үй-бүлөсүнүн артынан Америкага сапар алган. Жубайы экөө 4 баланын ата-энеси.

Булак: Акипресс

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6093