Украинада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Ысык-Көлгө жеткирилди
RU

Украинада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Ысык-Көлгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы аскердик операцияларда каза болгон кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, Дорбоев Эгемберди Бекказымовичтин сөөгү кечээ кечинде Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына алынып келинген. Ал бүгүн, 25-мартта саат 11:00дө жергиликтүү көрүстөнгө коюлду.

Эске салсак, 22-мартта Россиянын армиясында кызмат өтөгөн 20 жаштагы Эгемберди Дорбоев Украинадагы согуштук аракеттерде каза болгону белгилүү болгон.

Бул маалыматты Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тастыктады. Алар Украинадагы атайын операция учурунда баатырларча курман болгонун айтышкан.

Кошумчалай кетсек, Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасев Эгемберди бул шаарга жакында эле көчүп келип, 2021-жылдын күзүндө аскерге чакырылып, андан соң келишим түзүп, Россия Федерациясынын Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөндүгүн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6108