Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев Россиянын "Эрдик" ордени менен сыйланды
RU

Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев Россиянын "Эрдик" ордени менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев "Эрдик" ордени менен сыйланды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Россиянын элчилиги тастыктады.

Бүгүн, 25-мартта Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында каза болгон жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Элчилик ал каза болгондон кийин Россиянын "Эрдик" ордени менен сыйланганын билдирди. Салт боюнча анын үй-бүлөсү бул орден, Россиянын желеги жана көк берет менен сыйланган, анткени ал Россиянын Украинадагы атайын операциясы учурунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жатып каза болгон.

Эске салсак, 22-мартта Россиянын армиясында кызмат өтөгөн 20 жаштагы Эгемберди Дорбоев Украинадагы согуштук аракеттерде каза болгону белгилүү болгон. Ал 2021-жылы күзүндө аскерге чакырылып, андан соң келишим түзүп, Россия Федерациясынын Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6115