Бишкектеги мектеп менен бала бакчалар 1-мартта ачылышы мүмкүн
RU

Бишкектеги мектеп менен бала бакчалар 1-мартта ачылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектеп менен бала бакчалар 1-мартта ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты Бишкек шаардык кеңештин жыйыны учурунда мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал кайрадан, эгер эпидемиялык кырдаал мүмкүнчүлүк берсе, окуу процесси салттуу форматта башаталат, деп айтты.

Эске салсак, өткөн жумада мектеп окуучуларынын ата-энелери мектеп менен бакчаларды ачкыла деген талабы менен мэриянын алдына митингге чыгышкан. Митингден кийин аларды социалдык блок үчүн жооптуу вице-мэр Айжан Чыныбаеванын кабинетине чакырышты. Ал митингчилерге, мамлекеттик мектептерди ачуу мүмкүн эмес, анткени ал жерде балдардын саны өтө көп, ал эми жеке менчик мектептерде балдар аз санда окушат, деп түшүндүргөн.

Системада кемчиликтер бар. Силер жөнөкөй жарандар кетип каласыңар, ал эми кол коюп, мектептердин ачылышына уруксат берген бизди кийин жоопкерчиликке тартып, отургузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан эмоцияга таянып чечим кабыл алган туура эмес, деп түшүндүрдү.

"Шаарыбыздын ооркуналарында 400 бош орун бар. Эгер 200 миң окуучу мектепке бара баштаса, коронавирус тез эле жайылып кетет. Ал үчун бардыгыбыз жооптуу болобуз", - деп вице-мэр сөзүн жыйынтыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/618