Саламаттыкты сактоо министрлиги Исманкулов клиникасынын жабылышынын себебин түшүндүрдү
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги Исманкулов клиникасынын жабылышынын себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Исманкулов клиникасы жайгашкан №2 клиникалык оорукананын экинчи корпусунун чатыры оңдолуп жаткандыктан, бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты жабуу зарылчылыгы келип чыкты, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Клиникадан билдиришкендей, 30-март күнү кечинде полициянын жардамы менен клиниканын дарбазасы ачылган. Ошол эле учурда команда кандай адамдар дарбазаны тосуп жатканын билишпейт.

"Оорукананын абалы кейиштүү, чатырынан суу агып, нымдуулуктан кирпичтери урап, жараксыз абалга келген. Урап калуу ыктымалдыгы бар. Ошондуктан имараттын чатыры да толугу менен алмаштырылат. Ушуга байланыштуу бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты жабуу зарыл", - деп түшүндүрүштү Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

"Мамлекеттик оорукананын имаратын жеке клиника 20 жылдан бери ээлеп турат. Бирок, ижарачы имаратты толугу менен талаптагыдай сактаган эмес, бул мамлекеттик мүлккө болгон кайдыгерликтен кабар берет. Ал эми көз оорулары менен ооруган бейтаптарды эч ким медициналык жардамсыз калтырбайт деп ишендиргим келет, аларды кабыл алуу үчүн Улуттук госпиталда көздүн микрохирургиясы бөлүмдөрү бар, аларда жогорку квалификациялуу адистер иштешет, керектүү медициналык жабдуулар бар", - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6207