Исманкуловдун клиникасын милиция менен келип ачып кетишти
RU

Исманкуловдун клиникасын милиция менен келип ачып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 30-март күнү кечинде милициянын жардамы менен Алмазбек Исманкуловдун клиникасынын эшигин ачып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге дарыгер өзу билдирген.

Анын айтымында, милиция кечкисин келип, кире беришти ачып берген.

"Кечинде кызматкерлер көп болчу. Бизге эшикти ошолор ачып беришти, анткени бизде өрт өчүрүүчу охрананын эшик ар дайым ачык туруш керек деген каты бар. Буга чейин эшикти ширетип ачсак, белгисиз адамдар кайра келип бекитип кетишиптир. Биз укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен аларды кайра качан келет деп күттүк. Бирок алар келишкен жок. Милиция кеткенден кийин кайра чыга калышты. Милиция чакыртабыз, деп коркутсак анан кетип калышты", - деп профессор маалымдады.

Бирок клиниканын коллективи ким келип, эшикти ширетип бекитип жатканын билишпейт.

"Алар ким экенин айтышпайт, уруксат кагаздарын көрсөтүшпөйт. Бүгүн эртең менен кадимкидей эле жумушка келип, кире беришти тазалап, кадимки режимде иштеп баштадык. Жаңы эле келсек, курулушчулар келишти. Менимче, алардын максаты имаратты оңдоп түзөө эмес, алар эшикти сваркалап салып жатышат. Курулуш материалдарын да алып кете элек", - деп Исманкулов комментарий берди.

Эске салсак, 29-мартта Алмазбек Исманкуловдун коздүн микрохирургиясы клиникасына курулуш материалдар алынып келинип, оңдоп-түзөө иштери башталган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6205