"XXI кылымдын тозогу". Украинадагы согуштун 39-күнү
RU

"XXI кылымдын тозогу". Украинадагы согуштун 39-күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Би-би-синин" орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар акыркы бир күндө Украинада кандай окуялар болгонун айтып бериишти. Согуштун 39-күнү.

  • Киев облусунан россиялык аскерлер кеткенден кийин көптөгөн өлүктөр табылган. Украиналык маалымат каражаттары билдиргендей, булар россиялык аскерлер өлтүрүп кеткен жөнөкөй жарандар.
  • Зеленскийдин кеңсеси Киевден россиялык аскерлер чыгып кеткенден кийинки көрүнүштү "XXI кылымдын тозогу" деп атады. Владимир Зеленский Россия аскерине "киши өлтүргүчтөр, марадерлер, баш кесерлер" деген аныктама берди.
  • Россиянын коргоо министрлиги Буча шаарындагы сүрөттөрдүн бардыгы атайын жасалып тартылган (постановочное фото) деп атап, россиялык аскерлер ал жерде болгон учурда бир да жөнөкөй жаран жабыркаган эмес, деп жар салды.
  • РФтин коргоо министрлиги Одесса шаарына чабуул салды. Натыйжасында нефть иштетүүчү завод жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу үч жай талкаланды.
  • Литва, Латвия жана Эстония Россия газын импорттоодон толугу менен баш тартты.
  • Россия Киев сунуштаган тынчтык жолу менен жөнгө салуу долбоорун оозеки түрдө кабыл алды. Бирок Крым боюнча бир пикирге келе алган жокпуз, - деп Россия менен сүйлөшүүлөрдө украиналык делегациясынын жетекчиси Давид Арахамия билдирди.
  • Анын айтымында, НАТОнун үч өлкөсү Украинанын Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө коопсуздугуна гарант-өлкө болуп берүүгө макулдугун беришкен. Алар Түркия, Германия жана Италия.
  • Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон бул жумада Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугат. Ал Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү сурана турганы белгилүү болду.
  • Германиянын коргоо министри Евробиримдиктен толугу менен россиялык газдан баш тартууну сунуштады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6252