7 жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза болгон
RU

7 жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Улуттук госпиталында жети жашар бала сүннөткө отургузулуп, бирок кансырап, Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бир нече күн мурун борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин No3 балдар ооруканасында 2015-жылы туулган бала кан жоготуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бала сүннөткө отургузулган. Бирок кан токтобогондугуна байланыштуу ал шашылыш түрдө No3 балдар ооруканасына жеткирилген. Кан жоготуудан улам бала чарчап калган.

Бул окуя боюнча маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6263